Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Черногория НАТОго мүчө болду


5-июнда Вашингтондо Черногориянын НАТО уюмуна кошулуу салтанаты өттү. Ошентип Балкандагы чакан мамлекеттердин бири Түндүк Атлантикалык альянстын 29-мүчөсү болуп калды.

Черногория (Монтенегро) расмий түрдө Түндүк Атлантикалык аскерий альянстын 29-мүчөсү болду. Салтанаттуу азем 5-июнда Вашингтондо өттү. Балкандагы бул чакан мамлекет аскерий уюмга Орусия Чыгыш Европадагы таасирин күчөтүүнү көздөп, ал эми альянс аны ооздуктоо аракетин жүргүзүп жаткан маалда кошулду. Монтенегронун премьер-министри Душко Маркович иш-чаранын жүрүшүндө расмий түрдө өлкөсүнүн уюмга кошулганы тууралуу документтерин альянстын жетекчилигине тапшырды.

- Бүгүн Монтенегро үчүн маанилүү күн. Бүгүн менин өлкөм НАТОго мүчө болду. Бул эркиндиги үчүн, өз келечегин чечүү укугуна ээ болуу үчүн, дүйнөгө өз аты жана өз символдору менен таанылуу үчүн 19-20-кылымдарда оор запкыларды башынан өткөргөн мамлекет жана улут үчүн тарыхый окуя.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Монтенегронун премьер-министри Душко Маркович.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Монтенегронун премьер-министри Душко Маркович.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Том Шеннон Монтенегро чет жактын ачык басымына карабай өз тандоосун жасаганын белгиледи. 7-июнда Монтенегронун туусу алгачкы жолу Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде көтөрүлөт. Адриатика деңизинин боюнда, Хорватия менен Албаниянын ортосунда жайгашкан Монтенегронун жылдык коргонуу бюджети 69 миллион долларды түзөт.

Өлкөнүн 2000ге жетпеген аскери бар армиясы НАТОго сезилерлик салым кошпосо да, Адриатика деңизин бойлой кеткен 293 чакырым чек арасы стратегиялык мааниге ээ.

Мурдагы Югославиянын курамына кирген мамлекетти өзүнө кошуу менен НАТО Италиядан баштап Грецияга чейинки Адриатка деңизинин дээрлик бардык жээгин көзөмөлдөй алат. Бул аймакка Босния-Герцоговинага караган 20 чакырым эле тилке кирбей калат. Салтанатка катышкан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Черногориянын уюмга мүчө болушун кубаттады.

Вашингтондогу салтанатка катышкандар.
Вашингтондогу салтанатка катышкандар.

АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө "Монтенегронун (Черногория) кошулушу уюмга кирем деген башка талапкерлерге альянска мүчө болууну каалаган жана НАТОнун жогорку стандарттарына ылайык өз мамлекеттеринде бардык реформаларды өткөрө алган, ошондой эле мүчө болуу менен бирге милдеттенмелерди алып, тобокелдиктерге бирге барууга көзү жеткен жана андан пайда көрөм деген бардык бийликтерге уюмдун эшиги ачык экенин көрсөттү" деп жазылат.

Черногория уюмга мүчө болуу үчүн узун жана татаал жолду басып өттү. Бул аралыкта Орусия бир катар тоскоолдуктарды жаратып, өлкөнүн уюмга кошулуусун үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин көрдү. Ар кандай жолдор менен Москва НАТОнун багыты жүздөгөн жылдардан бери бир туугандай болуп келген славян элдеринин ортосундагы мамилеге карама-каршы келерин билдирген. Бул позицияны өлкөдөгү айрым кыймылдар да колдоп, аскерий уюмга кошулуусуна каршы чыгып келишти.

Орусия Монтенегронун экономикасына көлөмдүү салым кошкон эң ири инвесторлордун бири. 620 миңдей калкы бары бул мамлекетте жети миңге чукул орус улутундагылар жашайт. Адриатика деңизинин жээгиндеги үйлөрдүн 40 пайызын орустар ээлесе, туристтердин үчтөн бирин да орус улутундагылар түзөт.

НАТОго мүчө мамлекеттер 2016-жылдын 16-майында Черногориянын альянска кириши боюнча протоколго кол коюшкан. Бир жылдын кийин 28-апрелде өлкөнүн парламенти НАТОго мүчө болууну шарттаган пактты ратификациялады. Ал эми 28-майда Черногориянын өкмөтү уюмга мүчө 28 мамлекеттин бардыгы Балкан мамлекетинин альянска кирүүсү боюнча документтерди ратификациялаганын жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG