Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Черногория: өкмөттү кетирген кутум аракети


Мило Жуканович
Мило Жуканович

Черногориянын премьер-министри Мило Жуканович кызматынан кетти. Анын алдында эле өкмөт башчы парламенттик шайлоо күнү төңкөрүш уюштуруу аракетине Орусия аралашкан деп айыптаган эле.

Черногория 2006-жылы бөлүнгөн кошуна Сербияда болсо, ал окуяга байланышы бар бир нече киши камакка алынды.

Шейшемби күнү премьер-министр 16-октябрдагы добуш берүүдөн кийин пландалган окуялардын “чет өлкөлүк фактор менен байланышы айныксыз” деп билдирген.

Шайлоо алдында шектүү 20 адам кармалып, алар жыйынтыктар жарыялангандан кийин Жуканович жана тарапкерлерине каршы куралдуу кол салууларды ишке ашырууну көздөшкөн деп айыпталган. Премьер ошондой эле жергиликтүү оппозицияга Кремл менен кызматташууда деген доомат арткан.

Черногориядагы добуш берүү
Черногориядагы добуш берүү

Орусия Жукановичтин НАТО жана Европа Биримдигине кошулуу аракеттерин сындап келет. Оппозиция лидерлери шайлоо алдында Москвага улам-улам каттап турушканы жашыруун эмес.

Черногориянын прокуратурасы кармалган топ шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болуп, жарыялангандан кийин дароо парламент алдына чогулган элге кол салып, имаратка чабуул коюуну жана Жукановичти кармоону көздөшкөн деп билдирген.

Оппозициялык партиялар болсо батышчыл өкмөт башчы кутум аракетин өзү ойлоп тапкан, муну менен өлкөнүн саясий сахнасындагы чейрек кылымдан берки үстөмдүгүн узарткысы келүүдө деп күнөөлөшүүдө.

Жукановичтин батышчыл партиясы шайлоодо жеңгени менен парламенттик көпчүлүккө жетише алган эмес.

Бирок төңкөрүш аракети артында Орусия турат деген билдирүүсүнөн көп узабай премьер отставкага кетип жатканын жарыя кылды. Ал жетектеген Социалисттердин демократиялык партиясы ордуна вице-премьер Душко Марковичти көргөзүүнү чечти.

Бирок Жукановичтин жогорудагы билдирүүсү менен кызматтан кетишинин байланышы барбы же жокпу, ал белгисиз. Кутум аракетине шектелип кармалгандар арасында серб полициясынын атайын күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Братислав Дикич да бар.

Черногория
Черногория

Жуканович тиешелүү органдар Орусия менен Сербиянын ошол ишке канчалык аралашканын жакшылап териштирет деди.

Сербия адегенде Черногориядагы шайлоого кийлигишкенин четке кагып келген.

- Ал окуянын чоо-жайын билбейбиз. Серб ички иштер министри мени кабардар кылды. Биринчиден, ошол сөз болгон серб полициячы кызматтан эбак эле кеткен. Камакка алуулар үчүн күндү кызык тандашыптыр. Азырынча ушуну гана айта алам. Калган комментарийлер 17-октябрда, Черногориядагы шайлоо аяктагандан кийин жасалат. Себеби, өнөктүккө кийлигишкендей бааланышы мүмкүн. Бул арада үн катпай эле туруп турганым оң, - деген серб өкмөт башчысы Александр Вучич 16-октябрда.

Ал эми ушул дүйшөмбү күнү Вучич Сербияда бир нече киши кармалганын, алар кошуна өлкөдөгү кутум жөнүндө далилдерди беришкенин билдирди. Премьер ал шектүү адамдардын өлкөдөгү саясатчыларга тиешеси жоктугун, бирок үчүнчү өлкө жана кылмыштуу топтор менен байланышта болгонун айтты. Бирок кеп кайсы мамлекет тууралуу жүрүп жатканын тактаган жок.

Черногория 2006-жылы эгемендүүлүк боюнча референдумдан кийин Сербиядан бөлүнгөн.

Москва болсо Еврошаркетке мүчө болуп кирүүгө умтулган бул эки православ өлкөнү өз таасиринде кармап калууга аракеттенип келатат.

XS
SM
MD
LG