Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Байден Косово менен Сербияны ынтымакка чакырды


АКШ вице-президенти Жо Байден Сербия жана Косового иш сапар менен барды. Анда Байден эки тарапты тил табышууга чакырды. Ал ошондой эле Белградда 1999-жылы НАТОнун чабуулу учурунда жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.

Жо Байден 16-августта Косового келди. Ага чейин ал Сербияда бир күндүк сапар менен болду. Белградда Жо Байден Сербия президенти Томислав Николич жана өкмөт башчы Александр Вучич менен жолукту.

Бул сүйлөшүүлөрдө Жо Байден Белградды Косово менен мамилени жөнгө салууга үндөдү жана 1999-жылы Косово чатагы учурунда НАТО чабуулунан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты:

-1990-жылдардагы согуштун тагы регион тургундарынын көбүнөн кете элек. Жакындарын жоготкондордун арманы күч. Бирок биз жасап жаткан кадамдар региондун келечек муундарын тынчтык, туруктуулукта жашоого жана өнүп-өсүүгө алып келет деп үмүттөнөм. 90-жылдардагы согушта, анын ичинде НАТОнун бомбалоосу учурунда жакындарын жоготкондорго көңүл айтам.

АКШнын жогорку даражалуу жетекчисинин мындай көңүл айтуусу биринчи жолу болду.

Сербия Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган эмес. Көбүнчө албандар жашаган бул чөлкөм 2008-жылы Сербиядан көз карандысыз экенин жарыялаган.

Сербия менен Косовонун өз ара мамилесин жайгаруусу алардын Европа Биримдигине кирүүсүнүн шарты катары аталып келет. Сербиянын өкмөт башчысы Александр Вучич АКШ жана Европа Биримдиги менен мамиле тууралуу буларды билдирди:

- Биздин укуктук системабыз 23 жана 24-баптардын талаптарына туура келет деп ишенем. (23-бапта Сербиянын Европа Биримдигине кирүү жараянында сот системасы жана негизги укуктарды камтыйт, ал эми 24-бап эркиндик жана коопсуздукка байланышкан). Бул америкалык инвесторлордун бизге кызыгуусун жана көңүл буруусун арттырууга жардам берет. Биз коомубузду демократияга ылайык куруп алууга жөндөмдүүбүз деп эсептейм. Сербиянын укуктук системасы натыйжалуу иштеп, биздин өлкөгө келген америкалык инвесторлор активдеринин коопсуздугунан кам санабайт деп ойлойбуз.

Сербия менен Косовонун мамилесине токтолгон Вучич, сербдер менен албандардын мамилесинде буга чейин көп катачылыктарга жол берилгенин, келечекте андай макулдашууга жете алабыз деген үмүтүн билдирген.

Байдендин Белградда сапары учурунда жүздөгөн адамдар сүйлөшүү жүрүп жаткан серб президентинин имаратынын айланасына чогулуп, “Трампка добуш бергиле!” деп кыйкырык салышты. Сербиянын ашкере улутчул Радикал партиясынын лидери Войслав Шешел Трампты колдоону мындай деп түшүндүрдү:

- Анткени Трамп глобалдашууга альтернатива, анткени Трамп Америкадагы көшөгө артындагы бардык күчтөрдү жок кылат, анткени Трамп Орусиянын тарапкери, ал Орусия менен келишимге барууга умтулат, андан сырткары Трамп серб калкынын досу. Мына ошол себептен Сербия радикалдуу партиясы аны колдойт.

АКШнын вице-президенти Байден Республика партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты кескин сынга алып келген. Ал 15-августа да Трамптын тышкы саясат боюнча программасын сынга алган эле.

17-августта вице-президент Жо Байден Косово борбору Приштинада президент Хашим Тачи жана премьер-министр Иса Мустафа менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрдү. Анда Байден Европа Биримдигинин ортомчулугу астында Сербия менен мамилени жөнгө салууга чакырып, көп улуттуу Косово Европа Биримдигинде кубаттоого алынат деди. Өз кезегинде президент Тачи Сербия менен жакын коңшулук мамиледе болуу Косовонун стратегиялык максаты деп атады.

Косовдон кийин ал Балтика өлкөлөрүндө жана Швецияда болмокчу. Чоң эл аралык сапар алкагында Байдендин Түркияга да барышы белгиленген. Түркиядагы 15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракети Стамбул менен Вашингтондун мамилесинин салкындашына себепкер болду. Түркия төңкөрүштүн уюштуруучусу деп АКШда баш калкалаган Фетхуллах Гүленди айыптап, аны Түркияга өткөрүп берүүнү Вашингтондон талап кылып келет. Түркия ошондой эле АКШ жана Батыш мамлекеттери төңкөрүш аракетин кескин айыптаган жок деп сынга алууда. Ошондуктан Жо Байдендин Анкарага сапарында АКШ менен Түркиянын мамилеси боюнча жеңил эмес сүйлөшүү болору күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG