Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

Черногория кутум аракетин Кремлден көрдү


Черногория парламенти
Черногория парламенти

Орусия Черногориядагы кутум аракетине тиешеси бар деген маалыматты четке какты. Анын алдында расмий Подгорицанын бийликтери тергөө 16-октябрдагы кутум аракетинин артында орусиялык улутчулдар турат деген жыйынтыкка келгенин билдирген.

Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 7-ноябрда “биз ар кандай мыйзамсыз аракеттерге расмий тараптар аралашты деген маалыматтарды толугу менен четке кагабыз” деп билдирди.

Алдыңкы күнү Черногориянын атайын иштер боюнча прокурору Миловойе Катнич 6-ноябрда жасаган билдирүүдө кутум уюштуруучулары парламенттик шайлоо болгон күнү мамлекеттик төңкөрүш жасап, өлкөнүн НАТОго кошулуусу үчүн аракет көрүп келаткан премьер-министр Мило Жукановичтин көзүн тазалоону пландаганын айткан.

Прокурор иликтөө орусиялык улутчулдар түзгөн кылмышкерлер тобу 16-октябрда парламент имаратына кирип барып, Жукановичти өлтүрүүнү көздөгөнүн көргөздү деди.

- Бирок москвачыл коалицияны бийликке алып келүүнү көздөгөн ал кутумга Орусия мамлекетинин тиешеси бар деген далилдер табылган эмес, - деп кошумчалады Катнич.

Жаңы парламенттин ачылыш сессиясында сүйлөп жатып, премьер-министр Мило Жуканович кутумчулар артында саясий күчтөр тураат деп билдирди:

- Бул кутумга саясий сахнадагы оюнчулардан кимдир бирөөлөр катышканы айдан ачык. Себеби, саясий колдоосуз мындай иш мүмкүн эмес. Мунун бардыгынын артында саясат турат. Черногориядагы кайсы бир саясий күчтөрдүн катышуусуз сырттан мындай бийликти алуу кутумун пландоону элестетүү кыйын. Бардыгын сот аныктоого тийиш. Жана ошондой болот деп ишенем.

Оппозициялык партиялар болсо ачылыш сессиясын бойкоттоп, батышчыл өкмөт башчы кутум аракетин өзү ойлоп тапкан, муну менен өлкөнүн саясий сахнасындагы чейрек кылымдан берки үстөмдүгүн узарткысы келүүдө деп күнөөлөшүүдө.

Шайлоо алдында Черногориянын жана кошуна Сербиянын шектүү 20 жараны кармалып, алар жыйынтыктар жарыялангандан кийин Жуканович жана тарапкерлерине каршы куралдуу кол салууларды ишке ашырууну көздөшкөн деп айыпталган. Кармалгандар арасында серб полициясынын атайын күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Братислав Дикич да бар болчу.

Жуканович тиешелүү органдар Орусия менен Сербиянын ошол ишке канчалык аралашканын жакшылап териштирет деген.

Сербия адегенде Черногориянын дооматтарын четке кагып, кармалган полициячы кызматтан эбак эле кеткенине басым жасаган. Бирок бир нече күндөн кийин сербиялык бийликтер бир нече киши кармалганын, алар кошуна өлкөдөгү кутум жөнүндө далилдерди беришкенин, шектүү адамдардын өлкөдөгү саясатчыларга тиешеси жоктугун, үчүнчү өлкө жана кылмыштуу топтор менен байланышта болгонун айткан.

Ал эми соңку маалыматтарга караганда, Белград бийлиги Орусиянын бир нече жаранын депортациялаган. Алар Сербия аймагынан Жукановичтин ары-бери жүрүүсүнө байкоо салып турган.

Октябрдын соңунда Жуканович премьерлик кызматтан кетип жатканын жарыялаган. Бирок анын кеңсеси буга чейин “жакшылап пландалган бул чечимдин кутум аракетине тиешеси жоктугун” билдирди. Ал жетектеген Социалисттердин демократиялык партиясы ордуна вице-премьер, улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Душко Марковичти көргөздү. Бирок Жуканович партия лидери бойдон кала берет.

Билдирүүдө ошондой эле Москва Жукановичтин өлкөнүн Европа Биримдиги менен НАТОго кошулуу максатына каршы болгон оппозициялык партияларды колдогондугу үчүн айыпталат.

НАТО былтыр декабрда Черногорияга альянска кошулууну расмий сунуш кылып, май айында өкмөт тиешелүү протоколго кол койгон.

Жукановичтин партиясы 16-октябрдагы шайлоодо марага биринчи болуп келсе да, өкмөттө калуу үчүн башка саясий күчтөр менен коалицияга биригүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG