Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ошко учуп кетти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө социалдык объекттердин ачылышына катышып, Ош жана Баткен облустарындагы, Ош шаарындагы бир катар социалдык, инфратүзүмдүк жана өнөр жай объекттеринин курулушунун жүрүшү менен таанышат.
Абылгазиев сентябрь айынын ортосунда кыргыз-тажик чек араларында чыккан атышууга байланыштуу Баткендин Лейлек районунда болгон. Анда чыр чыккан аймактагылар менен жолугуп, атышуудан жабыр тарткандардын абалын сурап, каза болгон чек арачынын тажиясына катышкан. (ErN)