Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:27

Жапониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды


Сигэки Маэда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолугушуу учуру.

Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматына жаңыдан дайындалган Сигэки Маэданын дипломатиялык миссиясы башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маэданы 4-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кабыл алып, ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алды. Министр аны элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлор үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активизациялоо боюнча чараларды талкуулашты. Жапон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Жапониянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Ёсихиро Ямамуранын дипломатиялык миссиясы быйыл сентябрда аяктады. Буга байланыштуу аны 12-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG