Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Дональд Трамп менчик жаңылыктар кызматын түзүүнү сунуштады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын негизги ЖМКларында тарап жаткан Кошмо Штаттарга каршы “жек көрүүчүлүккө” каршы туруу үчүн Ак үй өзүнүн менчик жаңылыктар кызматын түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Мындай маалыматтарды таратып жатат деген медиалардын катарына Трамп CNN телеканалын да кошту.

“Биз өзүбүздүн менчик [маалыматтык-жаңылыктар] тармагыбызды ачышыбыз керек жана ал аркылуу чыныгы жаңылыктарды таратышыбыз зарыл”, - деди Трамп Флорида штатында сүйлөп жатып.

Трапм Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу чыр ырбап жаткан чакта CNN жана "The New York Times" медиаларына да сын айтты.

4-октябрдагы билдирүүсүндө президент Дональ Трамп АКШ өкмөтүнүн каржылоосу менен иштеген Эркин Европа / Азаттык үналгысы (RFE/RL) жана “Америка абазы” ("Голос Америки" - VOA) медиа компаниялары тууралуу да сөз кылды.

“Бизде Эркин Европа радиосу “Америка абазы” деген эки радиобуз болчу... Биз аларды өлкөбүздү бекемдөө үчүн негиздегенбиз. Ал өтө жакшы иштебей жатат”, - деди Трамп.

RFE/RL медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, Трамптын баасына карабай, 1950-жылы негизделген маалымат каражаты күн сайын объективдүү журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал башка жол менен маалыматка жетпей жаткандар “Азаттыктан” маалымат алып жатканын айтып, дезинформацияга каршы күрөштө ишенимдүү маалыматтарды берүү азыркы учурда өтө маанилүү экенин билдирди.

“Америка абазынын” Ак үйдөгү бюросунун жетекчиси Стив Херман "Твиттерде" VOA азыр деле иштеп жатканын белгилеп, “Аны Трамп билиши керек болчу – анткени 2017-жылдын январь айындагы инаугурациясынан бери Трамп “Америка абазына” эки жолу маек курду” деп жазды.

"Эркин Европа / Азаттык" үналгысынын (RFE/RL) журналисттери 26 тилде материал даярдашат жана радио эркин маалымат каражаттары жарым-жартылай же толук чектелген 22 өлкөдө берүүлөрүн уктурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG