Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Кыргыз-тажик президенттери телефондон кызматташтыктын абалын сүйлөштү


Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун чек арадагы жолугушуусу. 26-июль, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун чек арадагы жолугушуусу. 26-июль, 2019-жыл.

Бүгүн, 5-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Президенттин аппараттын билдирүүсүндө сүйлөшүүдө чек араны тактоо маселеси сөз болгон-болбогону белгиленген эмес.

Кыргыз-тажик президенттери быйыл 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, андан кийин 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек арага байланыштуу мунасага келди деп кабарланган.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Ушундай кийин эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын ортосунда чек арадагы такталбаган тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр жанданган. (ErN)

XS
SM
MD
LG