Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Ноокатта жаңы мектеп пайдаланууга берилди


Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышы. 5-октябрь, 2019-жыл.
Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышы. 5-октябрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөттүн аппаратынан кабарлашкандай, Мухаммедкалый Абылгазиев 320 орунга эсептелген мектептин курулушу 2015-жылы башталганын, натыйжада "жаркыраган имарат" курулганын билдирди.

Абылгазиев анда өкмөт билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүнө артыкчылык бере турганын айтты.

Ал 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд. сом бөлүнгөн болсо, акыркы үч жыл ичинде бул сумма 30 млрд. сомго чейин көтөрүлгөнүн кошумчалады. Абылгазиевдин айтымында, быйыл Кыргызстанда 111 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-октябрь эрте менен менен Ошко учуп кеткен. Жумушчу сапардын жүрүшүндө ал «Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата» автоунаа жолунун курулушу менен таанышты. Андан соң Ак-Булак айылынын жана тегеректеги калктуу конуштардын жашоочуларына жолугуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Абылгазиев Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлчү майрамдык иш-чарага катышып, андан ары Баткенге барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG