Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Баткенде чек арадагы айылдарда эки мектептин курулушу башталды


Мектептердин капсуласын салууга президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.
Мектептердин капсуласын салууга президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулушу башталды. Аталган мектептердин курулушуна президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров баштаган бийлик өкүлдөрү капсула салды.

Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектеби 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга келген. Ал эми Үч-Дөбө айылында башталгыч класстар үчүн гана мектеп иштеп, жогорку класстын окуучулары кошуна айылдарга каттап окуп келишкен.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна болгон буга чейинки иш сапарында жергиликтүү эл тарабынан ушул маселелер айтылган.

Курулушу башталган Үч-Дөбө айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкташып, 35 млн. сом, Орто-Боз айылындагы мектеп 150 орунга ылайыкташып, 45 млн. сом каражат бөлүнгөн. Эки мектепти тең 2020-жылдын сентябрь айына пайдаланууга берүү пландалган.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында буга чейин курулушу башталып, ушул күнгө чейин аяктабай турган 17 мектеп болсо, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 22 мектеп авариялык абалда деп тыянак чыгарган.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы көз карандысыз Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолунун курулушун улантуу, Ак-Сай айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, аталган айыл аймакка эки бала бакча куруу менен Бакай участкасына сугат суу чыгаруу маселелерин чечүүгө республикалык бюджеттен быйылкы 220 млн. сом бөлүнгөн. Учурда бул объекттерде курулуш иштери жүрүп, айрымдары аяктоо алдында турат. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG