Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:18

Экс-спикерлер кеңеши Жумабеков менен Жээнбековго шайлоо боюнча сунуш берди


Дастан Жумабеков (ортодо) парламенттин төрагалыгына шайланып жаткан учуру. Депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Бакирдин Субанбеков коштоп турат. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлеринен куралган кеңеш жаңы отурумга чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды, чек арадагы абалды жана алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алар шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн азыркы төрага Дастан Жумабековго жана депутат Асылбек Жээнбековго сунуштарды беришти.

- Бизде мыйзам долбоорун сунуш кылуу укугубуз жок. Ошондуктан аларга "ушул маселелерди камтып, мыйзам жазып, парламентке киргизсеңер туура болот эле" дедик. Өзгөчө шайлоодо партияларга коюлган 9% барьер боюнча талаш-тартыштар болду. Аны колдогондор өлкөдө стабилдүүлүк болуш үчүн парламентте эки-үч гана партия болушу керектигин айтышты. "Эгер андан бир эле партия өтсө эмне кыласыңар, анда Баш мыйзамды бузуп 120 мандатты бир эле партияга берип каласыңарбы?" деп сурадык. Же маселен бир партия 85% добуш алса, анда бир эле партия 65 орунду ээлеп калабы, же 9% алган бир-эки эле партия өтсө, анда калган шайлоочулар парламентте өкүлсүз калабы, алардын укугу эмне болот деген суроолор коюлду. Мындан башка да маселелер боюнча сунуштар айтылды.

Чолпонбаевдин белгилешинче, бул жөнүндө даяр мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн экс-спикерлер кеңешинен тиешелүү адамдар дайындалды. Ал Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүгө азырынча кеч эместигин айтты.

Парламенттин мурдагы төрагалары быйыл мартта атайын кеңеш түзүшкөн. Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, ал эми аткаруу комитеттин катчылыгына Акматбек Келдибеков дайындалган.

Быйыл марттагы жыйынга 13 адам, тактап айтканда, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана Исхак Масалиев катышкан. 5-октябрдагы отурумга 12 адам катышты. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (54)

XS
SM
MD
LG