“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 7-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Баткен аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° градус болот. Борбордо жамгыр жаабайт. (ErN)