Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Косоводо мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүп жатат


Косовонун мурдагы парламенти.
Косовонун мурдагы парламенти.

6-октябрдагы шайлоого 1,9 миллион шайлоочу катыша алат. Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган Косоводо миңден ашуун шайлоо бекеттери ачылган. Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоодо парламентке 120 депутат шайланат. Добуш берүү процессине чет өлкөлүк байкоочулар да көз салышууда.

Косоводо шайлоо быйыл июлда өкмөт башчы Рамуш Харадинай кызматтан кеткенден кийин белгиленген. Ал Косовонун Гаагадагы трибуналына суракка чакырылгандан кийин кызматтан кеткен. Ошентсе да анын партиясы учурдагы шайлоого катышууда.

Шайлоого Косовонун демократиялык партиясы, "Косовонун демократиялык лигасы" партиясы жана "Өзүн аныктоо" деп аталган партиялар катышууда.

Мурда Сербиянын провинциясы болгон Косово 2008-жылы өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсү тааныган. Сербия аны дагы эле өз аймагы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG