Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Кесиптик кошуундар Бишкекте митинг өткөрүүдө (видео)


Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдындагы нааразылык акциясы. 7-октябрь, 2019-жыл.

Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында аталган кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришүүдө. Акцияга 150дөн ашык адам катышууда. Алардын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өз алдынчалыгы жоюлуп, бир катар тоскоолдуктар жаралат.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар тобунун мүчөсү, ЖК төрага орун басары Мирлан Бакиров буга чейин «Кесиптик кошуунда 1 млрд. сомдон ашуун каражат айланып турганын» белгилеп, көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин айткан.

Депутаттар Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук, бирдиктүү саясат жок болуп жатканын, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтиришкен болчу.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме.

Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG