Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Бекназаров Малайзияга элчилик кызмат сунушталганын ырастады


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровго ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатат, бирок, саясатчы чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Бекназаров өзү Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында билдирди:

- Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым, - деди Бекназаров.

Саясатчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен көзмө-көз жолукканда конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калганын кошумчалады.

Бекназаров өлкө башчы бир нече мамлекетке, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылганын, президент менен ушул жумада жолугушарын, жолугушуунун жыйынтыгы менен ал Малайзияга элчи болуп барар-барбасын чечерин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын атынан Малайзияга элчи болушу үчүн малайзиялык тараптан макулдук келгенин жазып чыгышкан.

65 жаштагы Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин көп жолку депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.(BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG