Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

АКШ Түркия менен Сирия чектешкен аймактан аскерин чыгарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы Түркиянын аскердик операциясына катышпайт жана бул аймактардан жоокерлерин алып чыгып кетет. Бул тууралуу Вашингтон жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү атайын билдирүү таратты.

Мунун алдында АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган телефондон сүйлөшкөнү кабарланган.

Ак үй тараткан билдирүүдө «америкалык жоокерлер өз милдетин аткарды, Сириянын түндүгүндөгү «Ислам мамлекети» террордук уюмун талкалады» деп айтылат. Ошондой эле бул аймакта соңку эки жылдын ичинде колго түшкөн, туткунга алынган жоочулар боюнча жоопкерчилик Түркияга жүктөлөрү белгиленген.

Анкара күрд согушкерлерин «террордук топтор» деп атап келет жана өзүнүн чек арасында «коопсуздук аймагын» түзөрүн буга чейин бир канча жолу жарыялаган.

«Reuters» маалымат агенттиги АКШ өкмөтүнүн атын атабаган өкүлүнө шилтеме кылып, 7-октябрдан тартып Тел-Абьяд жана Рас-ал-Айне райондорунун эки көзөмөл бекети алынарын жарыялады.

Ушул тушта Түркияны 3,6 миллиондон ашык сириялык качкын байырлап жатат. Анкара алардын теңинен көбүн чек арадагы коопсуз аймакка көчүрөрүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG