Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Медицина боюнча Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Медицина боюнча Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү.
Медицина боюнча Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү.

Бүгүн, 7-октябрда Нобел сыйлыгын ыйгаруу жумасы башталды. Стокгольмдо Швециянын академиясы быйылкы биринчи лауреаттарды жарыялады. Салт боюнча адегенде физиология же медицина тармагындагы жеңүүчүлөр аныкталат. Бул ирет академия үч окумуштуунун - америкалыктар Уильям Келлинг менен Грегг Семенсанын, ошондой эле британиялык Сэр Петер Ратклиффтин эмгегин жогору баалады. Алар клеткалардын кычкылтектин тартыштыгына кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан.

Онколог Келлинг Жон Хопкинс университетинде, Семенса Гарвардда, ал эми Ратклифф Оксфорддо эмгектенет. Алардын ачылыштары онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмаларын жакшыртыш үчүн пайдаланылат. Баасы бир миллион долларга жакын акчалай сыйлыкты үч окумуштуу теңме-тең бөлүп алышмакчы.

Физика жана химия боюнча Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 8-9-октябрь күндөрү белгилүү болот. Андан кийин, 10-октябрда адабият боюнча былтыркы жана быйылкы жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми жума күнү, 11-октябрда Нобел тынчтык сыйлыгы кимге ыйгарылганы айтылат.

XS
SM
MD
LG