Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Экс-мэрлердин сотуна Мусажан Макелекти күч менен алып келүү боюнча чечим чыкты


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.
Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүп жаткан мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отуруму уланды. Анын жүрүшүндө Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесаревдин өтүнүчү менен кошумча күбө катары мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) мурдагы директору Асылбек Чекиров көрсөтмө берди.

Жыйындын жүрүшүндө ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти сот отурумуна мажбурлап алып келүү тууралуу мамлекеттик айыптоо өтүнүч келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырды.

Кийинки соттук жараян 9-октябрга белгиленди.

Мусажан Макелек Кытайдын TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп келген.

Макелек былтыр Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча камакка алынган. Кийин анын иши өзүнчө бөлүнүп, үй камагына чыгарылган. Андан бери Мусажан Макелектин кайда экени белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча ал өлкө аймагынан чыгып кеткен.

Буга чейин ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында аны суракка алуу боюнча бир нече жолу өтүнүч келтирилип, бирок канааттандырылган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG