Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Укук коргоочулар Фарход Одинаев боюнча беларус бийлигине кайрылышты


Фарход Одинаев.
Фарход Одинаев.

Ондон ашык эл аралык укук коргоо уюмунан турган топ тажикстандык оппозиционер активист Фарход Одинаев тууралуу Беларустун бийлигине кайрылды. Анда Одинаевди Тажикстанга өткөрүп бербөө тууралуу өтүнүч жазылган. Эгер ал мекенине барса «кыйноо өңдүү ырайымсыз мамилеге кабылышы ыктымал» деген кооптонуу айтылган.

Фарход Одинаев өткөн айда Варшавага адам укуктары боюнча жыйынга катышуу үчүн баратканда тажик бийлигинин өтүнүчү менен Беларуста камакка алынган. Ал азыр Гродно шаарындагы тергөө абагында отурат.

Беларустагы «Human Constanta» уюму «Азаттыктын» тажик кызматына, Дүйшөмбү Одинаевди тыюу салынган уюмга мүчө деп айыптап жатканын кабарлаган.

Одинаев Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү болгон жана мындан алты жыл мурун кеңсеси Москвада жайгашкан, Тажикстанда көрсөтүлгөн оппозициялык «Safo TV» телеканалын жетектеген. Бул каналды орус бийлиги 2013-жылы жаап койгон.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы «экстремисттик» деп табылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Партиянын бир катар мүчөлөрү камакка алынган, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Укук коргоочулар бул партияга жасалган кысымга байланыштуу бийликти айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG