Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Багдад: кандуу кагылышуу болгон райондон аскерлер чыгарылат


Иракта калайман нааразылык акцияларында 100дөн ашык адам өлдү.
Иракта калайман нааразылык акцияларында 100дөн ашык адам өлдү.

Ирактын премьер-министри Адел Абдел-Махди Багдад шаарынын чыгышындагы 13 адамдын өлүмү менен аяктаган кагылыштан кийин, ал жактагы аскер күчтөрүн полицияга алмаштырууну тапшырды. Бир катар маалымат каражаттары аскер жетекчилери Багдаддын Садр-Сити районунда "ашкере күч колдонгонун мойнуна алышты" деп жазды. Бийлик ашыкча күч колдонгон командирлерди жоопко тартуу үчүн иликтөө баштаганы белгилүү болду.

Иракта өкмөткө каршы калайман нааразылык акциялар кагылышуулар менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бир аптадан бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо жалпысынан 100дөн ашык адам өлүп, ондогон киши жаракат алды.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG