Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Ош облусунун төрөт үйү 7-октябрдан 2-декабрга чейин жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу төрөт Өзгөндөгү, Ноокаттагы, Кара-Суудагы, Наримандагы жана Аравандагы аймактык ооруканаларда жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында кабыл алынат.
Министрлик тараткан маалыматка караганда, кош бойлуу аялдарды ооруканаларга жеткириш үчүн атайын дарыгерлер тобу иштейт. (BTo)