Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүгү ноябрдын аягында бериле баштайт


Унаанын жаңы үлгүдөгү техпаспорту.
Унаанын жаңы үлгүдөгү техпаспорту.

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында бериле баштайт. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, бул тууралуу жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү маселесине арналган кеңешмеде белгилүү болду.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90% чейин арзандаганын бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөшүнө алып келерин айтты.

Өкмөт башчы жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүүнүн максаты алардын баасын төмөндөтүү гана эмес, коопсуздукка да тиешелүү экенин белгиледи. Жаңы күбөлүктөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Анда 20дан ашык коргоочу элемент бар.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы мөөнөттөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн Калкты тейлөө борборлорун ачууну тапшырды.

Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Өкмөт ата мекендик компания – «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алууда чыгым азайганын билдирди.

Кыргызстанда 2011-жылдан тарта, айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG