Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн, 8-октябрда Нур-Султан шаарында казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Буга чейин Лавров Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди баштаган казак бийлик өкүлдөрү менен да кездешери, анда эки өлкөнүн алака-катышына байланышкан маселелер, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу талкууланары маалымдалган.
Ошондой эле жолугушуулардын күн тартибинде глобалдык жана аймактык коопсуздук, учурдагы коркунучтар тууралуу маселелер да камтылган.
Жолугушууларда ушул жылдын аягына белгиленген эки жана көп тараптуу иш-чараларды уюштуруу иштери тууралуу сөз болот. Мындай иш-чаралардын арасында Омскидеги аймактык кызматташтыктын 16-форуму, Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Кыргызстанда өтө турган жолугушуусу бар.