Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:01

Алина Шаикованын адвокаты УКМКны айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын жактоочусу Бактыбек Жумашев электрондук паспорт чырына байланыштуу Интернетке тараган видео үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады.

7-октябрда Интернетке «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айткан тасмасы тараган. Анда тасмадагы адам Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн 20 миң доллар алганын айтып берет.

Буга ал Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Шаикова үндөгөнүн жана акча тууралуу анын иш бөлмөсүнөн сүйлөшүлгөнүн шардана кылган.

Бактыбек Жумашев сөз болуп жаткан видео тергөөнүн жүрүшүндө УКМКнын имаратында тартылганын, атайын кызмат бул иши менен электрондук паспорт боюнча Жогорку сотто болчу отурумга басым кылып жатканын билдирди. Ал «Гарсу Пасаулис» бир да кишиге акча бербегенин, УКМК сотко чейинки өндүрүштөгү материалды коомчулукка чыгарып жиберип мыйзамды бузганын айтты.

Чуулуу тасма тарагандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал видеого тиешеси жок экенин, учурда Алина Шаикованы издөө иштери уланып жатканын кабарлаган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Соттошуу уланууда.

УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу кызматкерлер камалган, кийин алар үй камагына чыгарылган. Ал эми Шаиковага иш козголгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG