Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Ак үй: Трампка импичмент жарыялоо процессине катышпайбыз


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ администрациясы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо процессине катышпайт. Бул тууралуу Конгресстин демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасынын 8-октябрдагы катында айтылат. Мыйзам чыгаруу органына жиберилген катта республикачы Трамп боюнча жүргүзүлгөн териштирүүлөр жана соттук процесстер мыйзамсыз, негизсиз деп аталды.

Андан мурдараак Мамлекеттик департамент Кошмо Штаттардын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондландга Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында «Трамп жеке саясий кызыкчылыкты көздөгөнбү же жокпу?» деген суроонун тегерегинде көрсөтмө берүүгө тыюу салган. Буга жооп кылып Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф Сондландда Конгресстеги иликтөөгө каршы ынанымдуу далилдер жок экенин айткан.

Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү АКШда импичмент маселесин козгоду. Трамп Зеленскийди башкы саясий атаандашы Жо Байдендин Украинадагы иштерине байланыштуу иликтөө жүргүзүү тууралуу ынандырууга аракет кылганы белгилүү болгон. Трамп муну «президентке ыдык көрсөтүү» деп баалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG