Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Экологиялык абалды талкуулаган жыйын өтөт


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы экологиялык абал, «жашыл экономикага» өтүү маселелери боюнча жыйын өтөт. Талкууну «Green Energy» коомдук фонду уюштурууда. Иш-чарага парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук активисттер жана адистер чакырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, сапатсыз бензин жана дизелдик май колдонуунун кесепетинен аба булганып, элдин ден соолугу начарлоодо жана экология бузулууда. Ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдиги тууралуу келишимдин алкагында 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламенттин күчүнө кирүү мөөнөтү улам жылдырылып жатышы да кесепетин тийгизүүдө.

«Green Energy» уюмунун маалыматына караганда, атмосферага кошулган зыяндуу заттардын 90% автоунаа каражаттары чыгарып жатат, калган 10% Жылуулук электр борбору, жер тамдар, мончолор көмүр жана тигүү цехтеринин таштандысын жакканда чыккан түтүнгө туура келет. Бишкектин тегерегиндеги 47 конуштун 99% кышкысын көмүр жагат. (RK)

XS
SM
MD
LG