Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакырылды


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн саат 12:00гө Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылды. Бирок Жолдубаева күч кызматкерлери аны суракка эрте эле келе беришин талап кылышканын айтты:

- Криминалдык милициянын кызматкерлери «суракка азыр эле барыңыз. Тергөөчү ушундай талап коюп жатат» дешти. Бирок мен «силер анда эмне үчүн 12ге чакырасыңар, адвокатым менен сүйлөшөйүн» дедим. Адвокатым «12ге чакыргандан кийин ошол убакытка барабыз» деди.

Жолдубаева 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерине ок тийип курман болгон.

Жыйынтыгында Атамбаев баш болгон КСДПнын мүчөлөрү камакка алынган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG