Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

АКШ Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар жетекчилерге виза берүүнү чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытай өкмөтүнүн жана Коммунисттик партиясынын Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар мүчөлөрүнө виза чектөөсүн күчөттү. Жаңы чектөөлөр «уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарды кармоо, ыдык көргөзүү үчүн жооптуу адамдарга жайылат», деп айтылат Мамдептин 8-октябрдагы билдирүүсүндө. Санкциялар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да колдонулушу мүмкүн.

Комшо Штаттар Кытай өкмөтү Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы уйгурларга каршы «өтө репрессивдүү өнөктүк» жүргүзүп жатканын айыптап келатат. Вашингтон андай аракеттерге чекит коюуга, лагерлерде камалгандарды бошотууга, чет өлкөлөрдө жүргөн кытайлык мусулмандарды күчтөп кайтарууну токтотууга чакырды.

7-октябрда АКШнын Соода департаменти Шиңжандагы мусулмандарды куугунтуктоого тиешеси бар 28 уюм менен компанияны «кара тизмеге» киргизген.

Бээжин АКШнын бул кадамына нааразылыгын билдирип, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу дооматтарды «негизсиз» деп баалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бир миллиондой уйгур жана башка мусулмандар Шинжаңдагы түзөтүүчү лагерлерде күчтөп кармалууда. Кытай бийлиги ал мекемелерде тил жана кесип үйрөтүлөрүн билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG