Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Эквадордун өкмөтү баш калаадан качууга аргасыз болду

Өкмөткө каршы нааразылык акциясы. Кито, 3-октябрь, 2019-жыл.
Өкмөткө каршы нааразылык акциясы. Кито, 3-октябрь, 2019-жыл.

Эквадор өкмөтү өлкөдө күндөн күнгө күчөп бараткан баш аламандыктан улам борбор шаар Китодон башка жерге чыгып кетүүгө аргасыз болду. 8-октябрда мунайдын кымбатташына каршы нааразылык акциясына чыккандар парламент имаратына кирип барышты. Анын алдында полиция менен кагылышуудан улам бир жарым миңдей адам кармалды. Бир киши мерт болгону кабарланууда. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан баш калаага шейшембиде 20 миңдей адам топтолгон.

Президент Ленин Морено баш аламандыктын башталышы үчүн мурдагы мамлекет башчы Рафаэл Коррес менен коңшу Венесуэланын президенти Николас Мадурону айыптады. Алар мындай дооматтарды четке кагып жатышат. Демонстрациялардын башталышына бийликтин мунайга болгон мамлекеттик субсидиянын жоюушу түрткү болгон. Ошондон улам бензин менен дизелдин баасы 120 пайызга көтөрүлүп кеткен. 

XS
SM
MD
LG