Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Бакудагы митингде кармалгандардын көбү бошотулду


Бакудагы митинг. 8-октябрь, 2019-жыл

Азербайжандын борбор шаарында 8-октябрда болгон митингде кармалгандардын көбү бошотулду. Баку полициясынын маалыматына караганда, «массалык жыйындарды өткөрүү тартибин» бузганы үчүн 17 адамга эскертүү берилген, дагы төрт адамга административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол толтурулган. Ал эми беш кишинин иши 9-октябрда сотто каралат.

Шейшембиде Баку мэриясынын алдында өткөн митинг учурунда 30дай киши кармалган. Анын катышуучулары бийлик тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзамдарды бузуп жатканын айтып, борбордо митинг уюштурууга уруксат берүүнү талап кылышкан.

Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши уюштурган акциянын катышуучулары «Биздин укугубузду кайтарып бергиле!», «Мыйзамды сыйлагыла!» деген плакаттарды кармап турушту.

Бул акыркы 10 жылда бийлик уруксат берген биринчи акция болуп калды. Мамлекеттик органдар маалымдашкандай, уюштуруучулар ага 50 адам гана катыша турганын кабарлашкан. Бирок келгендердин саны андан ашып кеткендиктен полиция митингчилерди кармап кетти.

Оппозициялык кыймылдардын жана партиялардын өкүлдөрү полициянын аракетин айыптаган билдирүү таратышты.

XS
SM
MD
LG