Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Баткен прокурорунун өлүмүн териштирип жаткан сот белгисиз мөөнөткө жылды


(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.
(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.

Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүн териштирип жаткан сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга соттолуучу Мелис Калыковдун бөгөт чарасын кайра кароо тууралуу адвокаттын өтүнүчү негиз болду.

Киши өлтүрүү фактысы боюнча 2018-жылы 18-ноябрда козголгон кылмыш ишин Ош шаардык соту карап жатат.

Калыковдун жактоочусу Асылбек Куңгуровдун айтымында, судья Жолборс Кудаяров бөгөт чарасын соттолуучунун тарапкерлерин катыштырбай өзгөрткөн. 2-сентябрдагы чечимдин негизинде бөгөт чарасы эки айга узартылган.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмоналиев айыпталуучу тарап сотту атайылап создуктуруу аракетинде деген пикирин билдирди.

Калыковдун бөгөт чарасы эми облустук сотто каралат.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG