Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:15

Асел Кодуранова «чектөөсүз» үй камагына алынды


Асел Кодуранова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечим 10-октябрга караган түнү чыкты.

Адвокат Канат Хасановдун айтымында, Кодуранова үй камагына «чектөөсүз» деген аныктама менен чыкты, башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт.

Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары күч органдары менен кагылышып, бир офицер окко учуп курман болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Кодуранова ошол окуялардын чордонунда жүргөндөрдүн бири экени айтылган. Ал азыр камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG