Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:10

«Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» конференциясы өтөт


Саякбай Каралаев.

Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте «Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» аттуу конференция болот. Көркөм сөз чебери, улуу манасчы Каралаевдин туулгандыгынын 125 жылдык урматына уюштурулуп жаткан иш-чара Улуттук илимдер академиясында өтөт.

Манасчылардын жаңы муунунун өкүлдөрү өз чыгармачылыгын таптоодо Саякбай Каралаевден алган өрнөгү тууралуу ой-толгоосун ортого салышат.

Ар бир манасчы Каралаевдин айтуусундагы «Чоң казат» окуялары тууралуу баяндап, өз вариантындагы алымча-кошумчалары тууралуу кеп козгойт.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн базасында түзүлүп жаткан элдик оозеки чыгармаларды жана манасчылардын варианттарын жазып алуу лабораториясы тууралуу сөз болот.

Август айында Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы Ысык-Көлдүн тескей жээгинде белгиленген. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20 манасчы барып катышкан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG