Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши жыйынга чогулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жыйында кызматташтыктын негизги багыттары, буга чейин өткөн биргелешкен машыгуулардын жыйынтыгы талкууланып, алдыга коюлган иш пландары аныкталат.

ЖККУнун мүчөлөрү - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Өткөн айда Баткенде Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өзгөчө кырдаал мекемелеринин «Баткен-2019» деп аталган эл аралык машыгуусу өткөн. Коңшу мамлекеттер менен ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдарга карата ыкчам чара көрүү, бирге аракеттенүү жана калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн жолдору иштелип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG