Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Карамушкина президенттен көзмө-көз жолугушууну талап кылды (видео)


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын кабыл алууну талап кылды. Ал парламенттин 10-октябрдагы жалпы жыйынында жасаган билдирүүсүндө өлкөдө жарандардын гана эмес депутаттардын да укуктары бузулуп жатканын айтты:

- Мен бүгүн президентке мурдагыдай эски досу, партиялашы катары эмес, өлкөнүн президенти катары түз кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз. Көзүбүзгө тике карап туруп өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңызчы. Эгерде сиз элди бириктирип, өлкөнү өнүктүргүңүз келсе басым кылууга эмес, башкарууга басым жасаңыз.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларга катышкан деген Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын эки депутаты Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова үй камагына алынды. КСДПнын мүчөлөрү кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери окко учуп курман болгон.

Жыйынтыгында Атамбаев баш болгон КСДПнын айрым мүчөлөрү камакка алынган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG