Орусиянын Тегерандагы элчилиги Юлия Юзик Москвага учуп кеткенин ырастады.
Элчиликтин 10-октябрда тараткан билдирүүсүндө «Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Тегерандагы орусиялык элчиликтин биргелешкен иш-аракетинин негизинде Иран тарап Орусиянын жараны Юлия Юзикти бошотууга макул болду» деп айтылат.
Журналистке кандай айып коюлганы жана ал биротоло алынып-алынбаганы азырынча белгисиз.
Юлия Юзик Иранга жеке чакыруу менен барган жана 7-октябрда камакка алынган. Тегеран анын визасына байланыштуу маселе бар болгонун билдирген.
Юлия Юзик - жанкечти аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору. 2016-жылы Мамлекеттик Думага депутаттыкка да ат салышкан.