Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Румын парламенти өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө маселесин карайт


Виорика Денчиле. 11-январь, 2019-жыл.
Виорика Денчиле. 11-январь, 2019-жыл.

Румынияда парламент 10-октябрда оппозициянын сунушу менен премьер-министр Виорика Денчилеге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт.

Быйыл август айында Виорика Денчиле башында турган өкмөттү түзгөн коалициялык көпчүлүктүн курамынан «Либералдар жана демократтар альянсы» партиясы чыгып кеткен. Алар ноябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү боюнча саясий өнөктөшү социал-демократтар менен талашып-тартышып, тил табыша албай калган.

Ушундан улам Людовик Орбан башында турган оппозициялык Улуттук-либералдык партия өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөргөн. Мыйзамга ылайык, бул сунушту депутттардын теңинен көбү колдосо, анда өкмөт тарайт.

Виорика Денчиле премьер-министр болуп 2016-жылдын аягында дайындалган. Анын тушунда сот системасына, мыйзам үстөмдүгүнө жана коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу эл аралык коомчулуктун жана өз өлкөсүндө сын-доомат күчөдү.

XS
SM
MD
LG