Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстанда алтын казууга жана изилдөөгө 471 лицензия берилген


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.

Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2415 лицензия берилгенин айтты.

Анын Жогорку Кеңештин жыйынында берген маалыматына караганда, анын ичинен 471 лицензия алтынды казууга, изилдөөгө жана чалгындоого, 102 лицензия башка металлдарга, анын ичинде уранга, көмүр боюнча 337 лицензия, ал эми курулуш материалдарына байланыштуу 1039 лицензия берилген.

Ал алтын казуу жана чалгындоо боюнча лицензиянын көбү чет өлкөлүк компанияларга берилгенин, учурда лицензияларды инвентаризациялоо болуп атканын кошумчалады:

- Биз лицензиялар боюнча материалдардын баарын укук коргоо органдарына бердик. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

Январдын аягында тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирген. Президент лицензиялар оңду-солду берилип, шылуундардын ири бизнесине айланганы айтып, укук коргоо органдарын сындаган.

Учурдагы өкмөт азыркы тапта кенге байланыштуу лицензияларды берүү убактылуу токтотулуп, ирээтке келтирилип жатканын жарыялаган. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындан ары лицензия берилгенде сөзсүз мамлекеттин үлүшү болорун айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG