Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:11

Көк-Жар конушунда бала бакчадан өрт чыкты


Көк-Жар конушундагы өрт чыккан бала бакча.

Бишкектин Көк-Жар калктуу конушунун Көк-Жар көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыкты. «Азаттыктын» оператору жиберген сүрөттөн бала бакчанын имараты күйүп жатканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бала бакчанын аймагындагы көмөк чордондон (трансформатор) өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнүн кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ ишканасынан бир бригада, «Тез жардам» кызматынан бир бригада жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тартылган.

Өрттөн жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз. Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG