Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иш мөөнөтү дагы узартылды


Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны. 23-сентябрь, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү 1-ноябрга чейин узартылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим комиссиянын 10-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын кабарлады.

23-сентябрда комиссиянын иш мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылган. Буга Кой-Таш окуясына катышкандарды, ага күбө болгондордун баарын сурап чыгууга жана комиссиянын бүтүмүн даярдоого жетиштүү убакыт болбой калганы негиз болгон.

Аталган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлүп, анын ишине бир ай убакыт берилген. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG