Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Казакстан: Баласы митингге чыккан ата-энени жазалоо сунушталды


Алматы шаары. 2019-жылдын сентябрь айы.
Алматы шаары. 2019-жылдын сентябрь айы.

Казакстанда Сенаттын депутаттары баласын митинг-пикеттерге алып чыккан ата-энелерди 10 суткага камап же көбүрөөк айып пул салууну сунуш кылып жатышат. Айып пулдун өлчөмүн 250 миң теңге же 650 долларга жакын деп аныктоо керек деген ойлор айтылды.

«Азаттыктын» казак кызматы жергиликтүү маалымат агенттиктерине таянып жазганына караганда, мындай норма мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы маселелер боюнча мыйзам долбооруна киргизилгени жатат.

Азыркы мыйзам боюнча айып пул сунушталып жаткан суммадан эки эсе аз.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев буга чейин митингдер жөнүндөгү мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарыл экенин бир нече жолу айткан. Кийинки убакта Казакстанда бийликке каршы нааразылык акциялары мурдагыдан көбүрөөк өтө баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG