Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кастык тилинин жайылышынын алдын алуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте жаштар арасында кастык тилинин жайылышынын алдын алуу маселесин талкуулаган жыйын өтөт.

Иш-чараны Европа Биримдигинин «Дин жана демократия тууралуу конструктивдүү диалогдор» долбоорунун алкагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурууда.

Башкы спикер катары «Медиа Полиси Институту» уюмунун директору, медиа-эксперт Бегайым Усенова чакырылган. Ал кастык тилинин таасири, актуалдуу тенденциялары тууралуу маалымат берет.

Дискуссияга билим берүү мекемелеринин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, диний ишмерлер жана жарандык активисттер катышат.

Кастык тили – соңку жылдары пайда болгон аныктама. Ал адамга карата анын улутуна, жынысына же карманган динине байланыштуу жек көрүүнү билдирүү менен мүнөздөлөт.

Адистер мындай мамилени радикализм жана экстремизмге жакын көрүнүш деп аташат.

Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү мусулман динин карманат, өлкөдө 100дөн ашуу улуттун өкүлү жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG