Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Бишкекте BIF 2019 инвестициялык форуму өткөрүлөт


ЖИА ассоциациясы уюштурган бизнес көргөзмөсүнөн бир көрүнүш.
ЖИА ассоциациясы уюштурган бизнес көргөзмөсүнөн бир көрүнүш.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте BIF 2019 инвестициялык форуму өтөт. Быйыл төртүнчү жыл өткөрүлүп жаткан форумдун уюштуруучусу - ЖИА бизнес ассоциациясы.

Уюмдун маалыматына караганда, буга чейинки үч форумга Кыргызстан боюнча 2500ден ашуун ишкер катышкан.

Бул жолу инвесторлорго 700 бизнес-долбоор сунушталганы жатат. Жетишилген инвестициялык келишимдердин жалпы баасы 9,5 миллион долларга жетет.

Быйыл BIF форум «The Future is Now»/«Келечек бүгүн» урааны менен өтүп, өз тармагында ийгиликке жетип, дүйнөлүк деңгээлге чыга алган эң көрүнүктүү кыргызстандык ишкерлер тренддер жана технологиялар жөнүндө сүйлөшөт.

Ал эми Борбор Азия алкагында иштеген ишкерлер аймактык кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Кыргызстанда 15 миңге жакын ишкана бар, алардын 93 пайызы чакан ишканалар. 26 пайызга жакыны соода-сатыкта, 15 пайызы өнөр жайында жана 12 пайызы курулуш тармагында алектенет. Чакан жана орто ишканалар өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 33 пайызын түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG