Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

11-октябрда «Эйр Манастын» Бишкек-Ош багытындагы үч каттамы токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы бүгүн 11-октябрга Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча белгиленген үч каттамын токтотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин маалыматына таянып Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы билдирди.

Анын айтымында, рейстерди токтотууга «Боинг» учагынын бузулушу себеп болууда.

- «Боингди» оңдоого керектүү тетиктер жок болгонуна байланыштуу АКШдан алдырылууда. Тетиктер качан келип, качан оңдолору белгисиз. Бирок Бишкек-Ош каттамын аткарган башка авиакомпаниялардын рейстери иштеп жатат, - деди ал.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы билдиргендей, жүргүнчүлөр билетин башка күнгө алмаштырса болот. Каалоочуларга билеттин толук баасы кайра кайтарылып берилет.

Аталган компаниянын бул каттам боюнча учушу буга чейин да бир нече жолу техникалык себептерден улам токтотулган.

Кыргызстанда үч авиакомпания, сегиз учак бар. (RK)

XS
SM
MD
LG