Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Батукаев боюнча соттун алгачкы отуруму өтөт


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Бүгүн 11-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум болот.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев «Азаттыкка» билдиргендей, талап боюнча, сот залына соттолуучулардын баарын алып келиши керек.

Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүмдү же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып коюлуп, кызматтан алынган.

Кримтөбөл 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG