Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:10

Батукаевдин иши боюнча сотко мурдагы прокурорлор келди


Азиз Батукаев.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум башталууда.

«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында сот залына бул иште аты аталып жаткан мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаевалар келди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин журналисттерге билдиришинче, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүүдө. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Слесарев Азиз Батукаевдин ишиндеги калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка экенин билдирди.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. (BkA/BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG