Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Өлкөдөгү сугат суу көйгөйү республикалык масштабда талкууланат


Жалал-Абадда өткөн талкуу.
Жалал-Абадда өткөн талкуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмеси эки ай аралыгында өлкөнүн жети облусун кыдырып, сугат суу көйгөйү жана ирригациялык каналдардын абалы боюнча коомдук талкууларды өткөрөт. Алгачкы кеңири форматтагы коомдук талкуу 10-октябрда Жалал-Абад шаарында уюштурулду.

Талкууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Базар-Коргон, Аксы, Ноокен жана Ала-Бука райондорунун суу колдонуучулары биригип 80ге жакын киши катышты. Жыйындын жүрүшүнө бүгүнкү күндө ички сугат каналдарынын талкалангандыгы, аны менен бирге 1995-жылы түзүлгөн сугат суусун башкаруу системасын караган Суу пайдалануучулар ассоциациясы натыйжасыз болгондугу айтылды.

Ноокен районунун Суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Нургазы Муратов ирригациялык каналдардын бетондолбой калганы суунун чоң жоготуусуна алып келгендигин белгиледи:

- Ички каналдарды оңдоого Суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүмкүнчүлүгү жок, бюджети аз. Каналдар жыл ичинде бир нече жолу тазаланат, бирок алар кыска убакытта толуп калууда. Суу керектүү көлөмдө талаага чейин жетпей жатат, фермерлер сезилерлик өлчөмдө түшүм ала албай жатышат. Бул экономикалык бакубаттуулукка таасирин тийгизүүдө. Өз кезегинде жергиликтүү жашоочулар суу жеткирүү кызматы үчүн акыны толук төлөөдөн баш тартышууда. Бул республикалык деңгээлдеги, тез арада чечүүчү маселе.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун катышуучулары фермерлерге сугат суусун жеткирүү системасын өзгөртүү зарыл экенин белгилешти.

Кыргызстандагы сугат системасы чарба аралык жана ички чарбалык байланыш болуп бөлүнөт. Сугат суу көйгөйүнүн негизги себептерин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан коомдук талкуу кийинки жумада Талас облусунда өтөт. Өлкөдө жалпысынан 480 суу пайдалануучулар ассоциациясы бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG