Өзбек улуттук академиялык театрынын кызматкерлеринин жамааты өзбек драматургу Эркин Хушбаковдун калемине таандык «Сенсиз өтпөс күндөрүм» аттуу спектаклин район тургундарына тартуулашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди:
- 9-10-октябрда райондун Сафед-Булан жана Ак-Коргон айылдык клубдарында өткөн өзбек артисттеринин өнөрүнө бир жарым миңден ашык көрүүчүлөр күбө болушту. Академиялык театрдын директору, Өзбекстанда кызмат көрсөткөн артист Фаткулла Максудов баштаган өзбек чыгармачыл тобунун бул биздин райондогу алгачкы гастролу болуп жатат. Бир күнгө пландалган спектакль жергиликтүү жашоочулардын суранычы менен эки күнгө созулуп, көрүүчүлөр жакшы кабыл алды. Бул эки өлкөнүн достук мамилесинин чыңдалышына өбөлгө түзөт.
Өзбек артисттери 11-октябрдан тартып Баткен облусунда гастролдо болушат. Буга чейин Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артисттери да Ош менен Жалал-Абад облустарында өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. (RsK)