Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Өкмөткө 9 айда жарандардан 4 миңден ашык кайрылуу түштү


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Өкмөттүн аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары секторуна ушул жылдын 9 айында 3329 жазуу түрүндө жана 776 оозеки кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен президенттин аппаратынан – 511 (15, 3%), Жогорку Кеңештен – 579 (17,3 %), премьер-министрдин коомдук кабылдамасына жеке кабыл алууга жарандардан жазуу түрүндө берилген кайрылуулар – 454 (13,6 %), www.kattar.kg электрондук порталы аркылуу – 433 (13,0 %) жана башка байланыш каражаттары аркылуу 1352 (40,8 %) кайрылуу келип түшкөн.

Ошондой эле республиканын аймактарында жашаган жарандар, КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө жашагандар кайрылууда.

Аймактарга бөлүп караганда, Бишкек шаарынан – 1233 (37 %), Чүй облусунан – 587 (17,6 %), Жалал-Абаддан – 413 (12,4 %), Ысык-Көлдөн – 257 (7,7 %), Ош облусунан – 219 (6,6 %), Баткенден – 184 (5,6 %), Нарындан – 183 (5,5 %), Талас облусунан – 90 (2,7 %), Ош шаарынан – 143 (4,3 %), КМШ өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 20 (0,6 %) кайрылуу келген.

Негизинен кайрылгандардын көпчүлүгү пенсия курагындагы адамдар жана социалдык жактан аялуу катмардагы колу жука жарандар болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG