Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Ирандын танкерине ракета тийди деген божомол пайда болду


Ирандык танкер Кызыл деңизде. Архивдик сүрөт.

Ирандын мунай ташыган танкерине ракета атылып, андагы кара май Кызыл деңизге төгүлдү. Бул тууралуу Ирандын Танкерлер боюнча улуттук компаниясы билдирди.

Компания жума күнү маалындагандай, «Сабити» деген кеменин корпусуна эки ракета тийди. Окуя Сауд Арабиясынын Жидда портунан 100 чакырымдай алыс жерде болду. Билдирүүдө жардырууга «болжол менен ракета себеп болду» деп айтылат. Маалыматка караганда, экипаж жабыркаган эмес.

Мамлекеттик телеканал Ирандын Улуттук мунай компаниясына шилтеме берип кемеге эки ракета тийгенин кабарлады.

Саудиянын өкмөтү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Буга чейин Ирандын маалымат агенттиктери жарылуудан кийин кемеде өрт чыкканын кабарлашкан. Бирок Танкерлер боюнча улуттук компания «өрт чыккан жок» деп билдирди.

ИСНА агенттиги кеме чоң зыян тартканын маалымдаган.

АКШ аскер деңиз күчтөрүнүн Бахрейнде жайгашкан 5-бөлүгүнүн басма сөз катчысы бийлик окуядан кабардар экенин айтып, бирок кеңири комментарий берүүдөн баш тартты.

14-сентябрда падышалыктын эң ири мунай ишканасына ракета менен дрондордон чабуул коюлган. Сокку үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары өзүнө алышкан. Бирок Саудия, АКШ жана Батыш Европа чабуулдун артында Тегеран турат деп эсептешет.

Америкалык расмий адамдар Иранды июнь жана июль айларында Перс булуңунда эки мунай танкерине болгон кол салуу үчүн да айыпташкан.

Ислам Республикасы ал окуяларга тиешеси жок экенин билдирип, дооматтарды четке кагып келе жатат.

АКШ былтыр эл аралык өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин Тегеран менен Вашингтондун мамилелери курчуп кеткен.

XS
SM
MD
LG